ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

СВЕРДЛОВ РАЙОНДУК АДМИНИСТРАЦИЯСЫ ЧЕРНОБЫЛЬ АЭС КЫРСЫГЫНЫН ЖОЮЛУШУНУН 29 ЖЫЛДЫГЫНА КАРАТА ИШ –ЧАРА ӨТКӨрДҮ

Свердлов райондук администрациясынын жыйын залында Чернобыль атомдук электростанциядагы кырсыктын жоюлушунун 29 жылдыгына карата иш-чара болуп өттү.

Атайын жолугушууга чакырылгандар үчүн райондук администрациянын башчысы  Айнагул Чылабаева куттуктоо сөзүн сүйлөп, медал жана ардак грамоталарын тапшырды.


Кырсыкты токтотууга катышкандардын баарына бир жолку материалдык жардам көрсөтүлдү. Үй -бүлө башчысын жоготкондорго  3 миң сом, 1,2,3 топтогу майыптарга жана катышуучуларга 2 миң сомдон тапшырылды.  

Билдирүү: Бүгүнкү күндө Свердлов районунун Социалдык өнүктүрүү башкармалыгында 89 адам каттоодо турат. Алардын 23 үй - бүлө башчысын жоготкондор, 50 адам  ден соолугу  чектелгендер,16 адам Чернобыль атомдук электростанциядагы кырсыкты жоюга катышкандар.