ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

“Мамлекеттик тилди окутуудагы интерактивдүү ыкмалар” аттуу семинар өткөрүлдү

Бишкек шаарынын мэриясына караштуу Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү жана И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин  Мамлекеттик тил жана маданият институту менен кызматташуунун негизинде Бишкек шаарынын мектептеринин директордун мамлекеттик тил боюнча орун басарлары жана орус класстарындагы кыргыз тили жана адабияты мугалимдери үчүн “Мамлекеттик тилди окутуудагы интерактивдүү ыкмалар” аттуу бир күндүк окуу семинары өткөрүлүп, катышуучуларга сертификаттар тапшырылды.

Бишкек шаарынын мэриясына караштуу Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Эльвира Ниязбекова И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин 70 жылдык мааракеси менен университеттин жана Мамлекеттик тил жана маданият институтунун эмгек жамааттарын куттуктап, бир нече жылдан бери тыгыз байланыш түзүп, кызматташып эмгектенип келе жаткан Мамлекеттик тил жана маданият институтунун директору  Дүйшембиева Айгүл Осмоновнага, алдыңкы окутуучулар Садыкова Күлүмкан Садыковнага жана Мамбетова Роза Рыскановнага ыраазычылык билдирди.