ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Ала-Тоо конушунда согушта курман болгондорго арналып бактар отургузулду

Ала-Тоо конушунун №82 орто мектебинде Улуу Ата Мекендик согуштун жеңишинин 70 жылдыгына арналган ишембилик өткөрүлдү.

Ишембиликте 70 эстелик багы отургузулду.

Ленин райондук админстрациясынын башчысы Аскар уулу Мирлан жана согуштун ардагерлери келечек муундарга болгон ишеничтерин айтып, согуш апааты эч качан кайталанбасы жөнүндө ак тилектерин айтып өтүштү.

Иш-чара мектеп окуучулары тарабынан даярдалган концерттик программа менен коштолду. Ардагерлер уюштуруучуларга ыраазычылык билдиришип, ак баталарын беришти.

Аталган ишембиликке Улуу Ата – Мекендик согуштун ардагерлери, Ленин райондук администрациясынын башчысы Аскар уулу Мирлан, мектептин мугалимдери жана окуучулары катышты.