ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Канчоро Ажекбаров журналисттердин суроолоруна жооп берди

Бишкек шаарынын мэриясынын Коомчулук менен байланыш башкармалыгынын имаратында “Бишкек шаарындагы жолдорду оңдоо” темасында пресс-конференция өткөрүлдү.

Журналисттердин суроолоруна Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Канчоро Ажекбаров жооп берди.


Канчоро Ажекбаров журналисттерге 2015-жылы жолдорду оңдоп- түзөө боюнча пландары жөнүндө айтып берди.


“Бул жылы калаанын 87  көчөсүндө   оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлөт. Жергиликтүү бюджеттен 21 миллион сом каралган. Ошондой эле оңдоп-түзөө иштеринин алкагында Аламүдүн суусу Жибек-Жолу көчөсү менен кесилишкен туштагы көпүрө жана Ауэзов көчөсүндө жайгашкан (Чоң Чүй каналы менен кесилишкен тушта) көпүрө оңдолот”,-деди Канчоро Ажекбаров.


Анын айтуусу боюнча, калаадагы жолдорду оңдо-түзөө кийинки жумада башталат.