КАЛААДА ЖОЛДО ЖҮРҮҮ ЭРЕЖЕЛЕРИН ЖАНА УНАА ТОКТОТУУЛАРЫН БУЗГАНДАР ҮЧҮН ТУТУМДУК ИШТЕР БАШТАЛДЫ
- Подробности
- Опубликовано 15.04.2015 16:22
ЖКК кызматкерлери тарабынан шаарды тартипке келтирүү максатында жолдо журүү эрежелерин жана унаа токтотууларын бузгандар үчүн үзгүлтүксүз рейддер жүргүзүлүүдө.
Учурда борбор калаада унаа токтотуу эрежелерин бузган автоунааларды атайын айып төлөө жайына жеткизүү үчүн 2 эвакуатор иштөөдө.
Айдоочу өз автоунаасын атайын айып төлөө жайында сакталган мөөнөттөгү чыгымдарды жана айып пулун төлөгөндөн кийин, ыйгарым укуктуу кызмат адамынын уруксаты менен алып кете алат.
Аталган рейддер Кыргыз Республикасынын Жолдо жүрүү эрежесинин «Токтотулган унаанын токтотулган жеринде административдик укук бузуу себептери такталбаган учурда атайын айып төлөө жайына жеткизилет» 12.9 пунктуна ылайык жүргүзүлүүдө.
Эгерде шаар тургундары жолдо жүрүү жана унаа токтотуу эрежелерин бузган айдоочуларды байкашса ЖКК нөөмөт кызматынын 0312 53 01 81 телефонуна чалса болот.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
19.04.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |