ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясы пасха майрамына карата автобустардын санын көбөйтөт

Үстүбүздөгү жылдын 12-апрелинде шаар тургундарына ыңгайлуу болуусу  үчүн Бишкек шаарынын мэриясы коомдук транспорттун санын көбөйтөт.

Бишкек шаарынын мэриясынын Шаардык транспорт башкармалыгынын билдирүүсү боюнча, Түштүк-Батыш көрүстөнүнө каттаган №8 автобусттук каттамдардын чыгышы  10 бирдикке чейин көбөйтөт. Каттоо аралыгы  10-12 мүнөттү түзөт.


Ошондой эле, саат 7.00 дон 19.00 го чейин Асанбай кичи районуна 4 бирдик автобус каттайт. Жүрүү аралыгы 20-25 мүнөттү түзот. Жүрүү кыймылы төмөнкү көчөлөр боюнча каттайт: Токомбаев, Сухэ-Батор, Юнусалиев, Сүйөркулов, Байтик Баатыр, Түндүк, Түштүк-Батыш көрүстөнү.


Транспортторду көбөйтүү Бишкек шаарынын мэриясынын Шаардык транспорт башкармалыгынын 10.04.2015 ж. №39-р “Автобустарды берүү жөнүндө” буйругун аткарууда көбөйтүлдү.