ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясы ардагерлер менен биргеликте Жеңиш багына көчөттөрдү отургузушту

Бишкек шаарынын мэриясы Ардагерлер кеңеши жана “Жердин келечеги сенден көз каранды” коомдук кыймылы менен биргеликте “Түбөлүктүүлүктүн жана жашоонун урматына!” аталышта акция өткөрдү.

Акция Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондордун урматына арналган жалпы көчөттөрдү отургузуу максатында өткөрүлдү.


Аталган акцияга Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери катышып, согушта курман болгон баатырлардын жаркын элесине арнап көчөттөрдү отургузушту.


Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов, калаанын вице-мэрлери, райондук администрациялардын башчылары, мэриянын аппараты жана түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлери, ошондой эле, студенттер жана шаар тургундары көчөттөрдү отургузууда ардагерлерге жардам беришти.


“Биз бул көчөттөрдү согуш майданында курман болгон жердештерибиздин урматына отургузуп жатабыз. Бул бактардын куурап калышына жол бербегиле! Бакчаны ачык асман жана тынчтык үчүн сактап калыңыздар!”,-деп акциянын катышуучуларын ардагерлерди бири кайрылды.


Токойго жалпысынан 1400 көчөт отургузулду. Жаш дарактарды сугаруу  жогорку Ала-Арча суусунан сугарылмакчы.