Калаада жалпы ишембилик өткөрүлдү
- Подробности
- Опубликовано 11.04.2015 17:10
Үстүбүздөгү жылдын 11-апрелинде калаада жалпы ишембилик өткөрүлдү. Ишембиликке 72 мекеме жана уюмдардан 5 миңдей адам катышты.
Тазалоо иштерине 6 бирдик атайы техника, ошондой эле, сугаруу үчүн атайы техникалар тартылды.
Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов мэриянын аппаратынын кызматкерлери менен биргеликте ишембиликке катышты. Аталган ишембилик Ата-Түрк паркынын аймагында өткөрүлдү.
“Жашылдандыруу” муниципалдык ишканасы тарабынан арыктар тазаланып, розаларды кесүү, камыштарды үзүү, клумба гүлдөрүн отургузуу, актоо жана тазалоо иштери жүргүзүлдү.
Ошону менен бирге Атай көчөсүнөн Ала-Арча суусуна чейинки жогорку Чоң Чүй каналы тазаланды.
Бишкек шаарынын мэриясы мындай иш-чараларды шаар тургундары колдойт деген үмүттө. Ошондой эле, жакынкы аралыкта калаа таза, жазгы көрүнүшкө ээ болот.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
09.12.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |