ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов АКШ элчилери менен жолукту

Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов АКШнын Кыргыз Республикасындагы убактылуу ишеним өкүлү Ричард Майлз менен жолукту.

Жолугушуу Бишкек шаарынын мэриясы жана АКШнын элчилиги менен байланышты орнотуу максатында өткөрүлдү.


Аталган жолугушууда Ричард Майлз мырза АКШ элчилигинин имаратын оңдоп түзөө жана айланысын көрктөндүрүү  боюнча пландарын айтып өттү. Ошондой эле, аэронавигациялык мунара темасын козгоп, бул долбоорду иштетүү маанилүүлүгүн белгиледи.


Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов кезегинде калаанын инфраструктурасын жана жашоо шарты жөнүндө айтып берди.


Ошондой эле, алдыда жол башкаруу тармагында адистердин тажрыйба алмашуу боюнча АКШ элчилиги менен кызматташарына кызыктар экендигин билдирди.


“Жол башкаруу тармагында жаңы техникаларды колдонуу абдан маанилүү. Бул багытта бирге иш алып барабыз деген ойдомун”,-деди калаа башчысы.


Жолугушууга Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов, АКШнын Кыргыз Республикасындагы убактылуу ишеним өкүлү Ричард Майлз, эл аралык кызматташуу бөлүмүнүн жетекчиси Казыбек Кочконов жана саясий-экономикалык маселелер боюнча кеңешчиси  Кэролайн Бейкер катышты.