ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек мэриясы апрель революциясынын 5 жылдыгына арналган мугалимдер үчүн окуу китебинин иштеп чыгуусуна катышты

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри “Мурас” тарыхый жана маданий фонду жана Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгы менен биргеликте апрель окуясынын беш жылдыгына арналган тарых мугалимдери үчүн методикалык окуу китебин иштеп чыкты. “7-апрель: Кыргызстандын кайра жаралуусу башталган күн” аттуу окуу китеби класстык саатты өткөрүүдө колдонулат.

№66 Окуу тарбиялык комплексинин жана №4 мектеп гимназиясынын базасында калаанын мектептеринин тарых мугалимдеринин катышуусунда  жолугушуулар жана конференциялар өткөрүлдү. Конференциянын жүрүшүндө аталган методикалык окуу китебинин бет ачары болуп өттү.


6-7-апрелде №68, 89, 38, 69, 67, 58, 62 мектептеринин базасында ЖОЖдордун профессорлору жана тарых мугалимдери тарабынан апрель революциясынын 5 жылдыгына арналган класстык сааттар өткөрүлдү.