Бишкек шаарынын мэриясы таза суу камдап алууну суранат
Үстүбуздөгү жылдын 8-апрелде саат 9:00дөн 22:00гө чейинки аралыкта Бишкектин айрым жерлеринде таза суу берилбейт.
“Бишкек суу канал” башкармалыгынын билдирүүсү боюнча, профилактикалык оңдоо иштерине байланыштуу Көк-Жар суу алгычында жана темир жол менен кесилишкен аймактарда таза суу берилбейт жана төмөнкү көчөлөрдө, мекемелерде таза суу чектетилет:
Панфилов көчөсү, М.Фрунзе көчөсү, "Аламүдүн" базары, Чыгыш-5 кичи району, “Илбирс” ишканасы, “Вечерний Бишкек” гезитинин кеңсеси, Гоголь көчөсү, “Штайнбройн” ишканасы, №5, 12, 65-лицейлер, №11, 67, 4, 30, 24, 28-орто мектептер, “Звёздочка” мектеп-комплекси, №145, 178, 35, 124, 61, 31-балдар бакчалары, “Бишкек-Сити” соода үйү, “Карвен-Клуб-Плюс” спорт-комплекси, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын имараты, “Жыргал” дарылоо комплекси, “Дордой-Плаза” соода үйү, №4, 10-үй-бүлөлүк медициналык борбор, “Айгүл” акционердик коомунун имараты, “Кыргызтелеком” ишканасы, “Кыргызпочтасы” мекемеси, Юстиция министрлигинин Жазаларды аткаруу башкы башкармалыгынын имараты, Республикалык диагностикалык борбор, Кыргыз-Орус Славян университети, “Кабар” агенттиги, А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театры, “Кыргызинвест” ишканасы, Чүй университети, “Триада” басмаканасы, “Мега-Комфорт” соода үйү, “Миң түркүн” соода үйү, Свердлов райондук милиция бөлүмү, “Графа” басмаканасы, “Алтын-Башат” мектеби, “Телеком” акционердик коомунун имараты, “Детский мир”, “Силк-Вэй” соода үйлөрү, Шубин атындагы музыкалык мектеп, Г.Айтиев атындагы музей, Ч.Айтматов атындагы Орус драма театры, “Ала-Тоо” кинотеатры, Өзбекстан Республикасынын өкүлчүлүгүнүн имараты, Жогорку Соттун имараты, И.Арабаев атындагы университети.
“Бишкек суу канал” башкармалыгы ыңгайсыздык жараткандыгы үчүн шаар тургундарынын кечирим сурайт жана мекеме, уюмдарды таза суу камдап алууну суранат.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
06.05.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |