ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясы Томск шаарынын Билим берүү уюмдары менен байланышта

Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгы жана “Единство” фонду Томск областынын илимий-билим берүү комплексинин өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү.
Делегациянын башында Томск областынын губернаторунун кеңешчиси Наталья Маслова турган.

Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын башчысы Сауле Мейрманова конокторго шаардык билим берүүнүн иштери жөнүндө жана Россия Федерациясынын жогорку мектептеринин өкүлдөрү менен кызматташуусу боюнча айтып берди. Томкс обласытынын эң кадырлуу ЖОЖдорунда кыргыз окуучулары бюджеттик орундарга тапшыруу мүмкүнчүлүгүн баса белгиледи.

Кезегинде Томск областынын кесиптик билим берүү боюнча Департаменттин башчысынын орун басары Ирина Шпаченко келген делегация курамын тааныштырды.

Иш сапардын алкагында Томсктун ЖОЖдору уюштурган көргөзмө-жарманкеси калаанын №65 мектебинде көрсөтүлдү. Ошондой эле, билим берүү уюмдарын башкаруу боюнча мектеп жетекчилерине мастер-класстар өткөрүлүп, билим берүүчү эксперименталдык программаны биргеликте түзүү боюнча тегерек стол өткөрүлөт.

Жолугушууга Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын кызматкерлери жана Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Любовь Ардамина катышты.