ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Диний экстремизмге жол берилбейт

Октябрь районунда коомдук коопсуздукту камсыздоо жана коомдук тартипти сактоо, диний экстремизмге жана терроризмге каршылык көрсөтүү  боюнча ыкчам штабдын биринчи жыйыны  өткөрүлдү. 

Жыйынга райондук түзүмдөрдүн жана Билим берүү мекмелеринин жетекчилери катышып, биргелешип иштөөнүн жолдорун талкуулашты.


Аталган ыкчам штабдын жетекчиси болуп Октябрь райондук администрациясынын башчысы Болот Алымкулов дайындалган. Ошондой эле, ыкчам штабка райондун башчысынын орун басары, Кыргыз Республикасынын УКМКнын Октябрь районунун Башкы башкармалыгынын башчысы, Октябрь районунун ИИБ башчысы, Октябрь районунун Билим берүү башкармалыгынын директору, №6-ҮДТнун директору кирет.