ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов Кыргыз Республикасынынын башкы прокурору И.Жолдубаева менен тегерек столго катышты

Иш-чаранын жүрүшүндө Бишкек шаарынын курулуш секторлору маселеси талкууланып, калаадагы курулушту өнүктүрүү сунуштары белгиленди.

Ассоциациянын мүчөлөрү иштеринде кездешкен көйгөйлөрдү билдиришти. Башкы көйгөй алардын мамлекеттик түзүмдөр тарабынан бат-баттан текшерилип туруусу айтылды. Экинчи көйгөй мамлекеттик жана муниципалдык  кызматтардын өз ара мамиле механизминин .


Кезегинде Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов шаар бизнес менен иштеп жатат, бирок, анын өкүлдөрү дайыма орнотулган эрежелерди жана нормаларды сактабай, бузуп келишерин белгиледи.


“Куруучулар “Бишкек башкы архитектурага” бекитип берүүгө бир долбоорду көрсөтүп, курууда таптакыр башка долбоор менен куруп жатышат. Биз курулуштарды жеке ишкерлер эмес, компетенттүү түзүмдөрдүн курушун каалайт элек. Учурда калаадагы 80 курулуш объектилерин ар кандай эреже бузуулар менен токтотуп жатабыз”,- деди калаа башчысы.


Тегерек столго Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Т.М. Мамбетов, Бишкек башкы архитектуранын башчысы Б.А.Абдиев, вице-мэр Б.О. Дүйшембиев, курулуш компанияларынын жетекчилери, жаш ишкерлер ассоциациясынын мүчөлөрү жана журналисттер катышты.