ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясы мыйзамсыз курулуштарды түрттүрүүнү улантууда

Бишкек шаарынын мэриясынын Жеке турак-жай куруу департаменти “Арча-Бешик” конушу Шербет көчөсү, №27,43 дарегинин ээлери муниципалдык жердин эсебинен тиешелүү документтерисиз 1,50х20,0 м өлчөмүндө дубал куруу фактысын аныкташты.

Департаменттин түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндөн кийин жер тилкесинин ээси Алоева Ж. өз ыктыяры менен дубалды түрттүртүп, жер тилкеси баштапкы абалга келтирилди.