ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясы таэквондисттерди Спартакиадага чакырат

Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт комитети 2015-жылдын 4-5-апрелинде спорттук-дарылоочу  “Лакомотив” комплексинин базасында мектеп окуучулар арасында Таэквондо  (WTF) боюнча шаардык Спартакиадасын  өткөрөт.

Белгиленгендей,  4 апрелде 12:00-15:00 чейин таразага түшүү, сот коллегиясынын жыйыны жана башка даярдык  иш – чаралары болот.


Мелдеш  кируги(спаринг) методу боюнча өткөрүлөт. Мелдешке  1997-ж. жана  андан кичүүлөр катыша алат.


I-II-III орун ээлери даражага жараша Бишкек шаарынын  мэриясынын Дене тарбия жана спорт комитетинин медаль,  диплом жана баалуу белектери  менен сыйланышат.