ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

×

Предупреждение

Не удалось загрузить XML-файл
Opening and ending tag mismatch: hr line 5 and body
Opening and ending tag mismatch: body line 5 and html
EndTag: '
×

Ошибка

nbRatesHelper::loadRates(): Invalid server response

Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов Кытай Эл Республикасынын делегациясы менен жолукту

Үстүбүздөгү жылдын 1-апрелинде Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов Ляньюньгань шаарынын шаардык парткомунун катчысы Ян Синши баштаган Кытай Эл Республикасынын делегациясы менен жолукту.

Жолугушуунун жүрүшүндө 2014-жылдын октябрь айында  Бишкек жана Ляньюньгань шаарларынын ортосундагы кол коюлган келишимдин айланасында кызматташуу суроолору талкууланды. 

 
Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов билим берүү чөйрөсүндө кызматташуу чоӊ мүмкүнчүлүктөргө ээ экендигин баса белгиледи. «Бишкек шаары билим берүү мекемелердин саны боюнча мурунку советтик өлкөлөрдүн ичинен биринчи орунду ээлейт. Менин оюмча, билим берүү чөйрөсү боюнча шаарларыбыздын ортосундагы биргелешкен долбоорлор ар түрдүү багыттагы болочок демилгелердин негизин түзө алат»,-деди шаар башчысы.


Өз кезегинде Ляньюньгань шаарынын шаардык парткомунун катчысы Ян Синши Ляньюньгань шаары жөнүндө маалымат берип «21-кылымдын Жибек жолу» концепциясын ишке ашырууда Кыргызстандын ролу маанилүү экендигин айтып өттү.


Кытай Эл Республикасынын делегациясынын иш сапарынын алкагында «Кыргыз Республикасынын Бишкек шаары менен Кытай Эл Республикасынын Ляньюньнган шаарынын ортосунда билим берүү тармагында достук кызматташуу» меморандумуна кол коюлду.


Аталган меморандумга Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын башчысы Сауле Мейрманова  жана Кытай Эл Республикасынын Ляньюньнган шаарынын Билим берүү башкармалыгынын башчысы Ван Цзяцюань кол коюшту.


Меморандум эки шаардын билим берүү мекемелеринин ортосундагы байланышты чыӊдоого мүмкүндүк берет.