Балдарды коргоо – жаркын келечекке салым!
- Подробности
- Опубликовано 01.04.2015 17:10
Үстүбүздөгү жылдын 1- апрелинде «Келечек» конушунун №87 орто мектебинде Свердлов райондук администрациясы балдарга карата зордук-зомбулукка каршы иш -чара өткөрдү.
Аталган жолугушуу жаш балдар иштери боюнча комиссиянын толук курамы, балдарга карата зордук-зомбулук жана ырайымсыз мамилеге чара көрүү штабы, КМДБ, шаар тургундары, кварталдык комитеттердин төрагалары, аксакалдар соту, жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекторлору, бейөкмөттүк уюмдар, дарыгерлер, социалдык окутуучулар жана Свердлов районунун №21-жериликтүү аймактык башкарууга караштуу мектептердин психологдорунун катышуусунда өткөрүлдү.
Иш -чаранын максаты балдарга карата зордук-зомбулукту жана ырайымсыз мамиле кылууну алдын алуу жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүү болуп саналат.
Жолугушуунун жүрүшүндө Свердлов райондук администрациясынын өкүлдөрү, КМДБ, «Балдарды коргоо борборунун» психологу, үй-бүлө жана балдарды колдоо бөлүмүнүн адистери аталган тема боюнча маалыматтарды берип өтүштү.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
25.04.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |