ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясы жарнама конструкцияларынын ээлерине ижара мөөнөтүн узартууну суранат

Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан тиешелүү уруксат документтери жок жарнамаларды алып салуу иштерин баштады.

Биринчи этапта Муниципалдык менчик башкармалыгы менен ижара келишими түзүлбөгөн ири жана кичи жарнамалар алынат.

Андан кийин  ижара келишиминин мөөнөтү бүткөн жана дебитордук карызы бар жарнамалар алынып салынат.

Жарнама конструкцияларын алып салуунун максаты, Бишкек шаарында жарнамалык саясатты оптимизациялоо жана иретке келтирүү, келген уруксат кагаздарын мыйзамга туура келтирүү.


Буга  байланыштуу мэрия жарнама түзүмдөрүнүн ээлерине Муниципалдык менчик башкармалыгана ижара келишимдерин узартуу жана дебитордук карыздарын төлөөнү суранат.