ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Этти кайрадан иштетүүчү компания шаарды көрктөндүрүүдө эреже бузууда

Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясынын кезектеги рейдинде Осмонкул көчөсү, №158 дарегинде жайгашкан этти кайрадан иштетүүчү цех ансанитардык абалга жеткендиги аныкталган.

Цехтин аймагында кык чогултулуп, таштанды чыгарууда “тазалык” МИ менен келишим болгон эмес, ошондой эле, Бишкек шаарын көрктөндүрүүдө санитардык нормалар жана эрежелер бузулган.


Текшерүүнүн жыйынтыгында Бишкек шаарынын мэриясынын СЭИ инспекторлору Р.Усупбекованын атына Кыргыз Республикасынын  “Административдик жоопкерчилик жөнүндө” кодексинин №488 беренеси боюнча протокол түзүлүп, Свердлов райондук административдик комиссиясынын кароосуна жиберилди.