ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

КАЛААДА КАРАТЭ БОЮНЧА ЧЕМПИОНАТ ӨТКӨРҮЛДҮ

Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт комитети №99 - лицеинде Ашихара каратэ боюнча ачык чемпионат өткөрдү.

Аталган чемпионатта 6 жаштан жогору 100дөн ашык катышуучу  жашы жана салмагына жараша 23 категорияда диплом, медаль жана ар кандай сыйлыктар үчүн күрөштү.  

Мелдешке калаанын жети командасынан бөлөк Ысык-Көл обласынын (Бостери а.) жана, Чүй обласынын (Беловодск а.)  командалары да катышты.  

Чемпионаттын эң кичинекей катышуучулары 6 жаштагы Жолдошбеков Эсен жана 7 жаштагы Азарбеков Кутман Ысык-Көлгө алтын медалдары менен кайтышты.

Биринчиликтин жеңүүчүлөрү болуп Алыбек уулу Атай, Алтынбек Бекбоев, Сыймык Бакиров, Сталбек уулу Керес, Ермек Бейшекеев жана  Акниет Урманбетов деген ошол эле Ысык-Көл командасынын алты катышуучусу табылды. Ал эми Урманбетов Акниет спорт чебери кандидаттыгына нормативин аткарды.  

Кыздардын арасынан  калаа командасынын мүчөсү шаардын жана Республиканын көп жолку чемпиону, Казакстандагы оюндардын бир нече жолку жеңүүчүсү Акбермет Жамурзаеваны белгилей кетсек болот.

Ал эми чоңдор арасында биринчиликке Бишкектик  Айбек Нуралиев, Александра Звягина, Алтынай Акималиева чыгышты. Алтын медалдардын бирөөнү  Адиль Мелисов Беловодск айылына алып кетти.