ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Калаа мэриясы Социалдык жарнама жайгаштырууга даяр

Бишкек шаарынын Өнүктүрүү агенттиги жана Бишкек шаарынын мэриясынын Жарнама департаменти биргелешкен демилге жана долбоорлорду ишке ашыруу максатында фрилансерлерди, чыгармачыл агенттиктерди, чыгармачыл жамааттарды жана калаа көйгөйлөрүнө кайдыгер эмес шаар тургундарын кызматташууга чакырат.

Кызматташуунун максаты – социалдык жарнаманы чогуу иштеп чыгуу жана жайгаштыруу, шаар тургундарынын көңүлүн коомдогу маанилүү жана көйгөйлүү көрүнүштөргө, шаарына болгон сүйүүсүнө жана маданиятына, шаардыктардын жүрүм-турумун жакшы жакка өзгөртүү.  


Катышуучулардын коомдук маанилүү теманы тандоосуна чек коюлбайт, бирок төмөнкү багыттагы темаларга таянса болот:


*Жол кыймылынын эрежелерин сактоо;
*Шаар тургундарынын жүрүм-турум маанияты;
*Үй-бүлө жана балдар маселеси;
*Менин борборум жана башка.


Иштердин демилге тобу, студиясы же автору  жана байланыш телефондору менен көрсөтүлгөн сунуштарды 2015-жылдын 25-апрелине чейин  Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра.  электрондук дарегине жөнөтүү керек.


Сурап-билүү телефону 0312 325325, дареги: Бишкек ш.,Жибек Жолу пр.,495а (Логвиненко көч.кесилишинде).