ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясы аскер жетекчиси Виктор Румду Ардак грамотасы менен сыйлады

№62 мектеп гимназиясынын аскер жетекчиси Виктор Рум аскерге даярдоодо жигердүү иштери үчүн  Бишкек шаарынын мэриясынын Ардак грамотасы менен сыйланды.

Ардак грамотаны Октябрь райондук администрациясынын башчысы Болот Алымкулов тапшырып, өсүп келе жаткан муундарды патриоттук тарбиялоонун маанилүүлүгүн белгиледи. Ошондой эле, Виктор Румга жигердүү иштери үчүн ыраазычылык билдирип, ийгиликтерди каалады.


Жолугушуунун жүрүшүндө аскерге чейинки даярдоонун жетекчиси аскердик техникалар, курал-жарактар жана аскерге даярдоодо колдонула турган техникалар менен жабдылган классты көрсөттү.


Октябрь райондук администрациясынын башчысы класстын жасалгасы жана жабдылышынын мыктылыгын белгиледи.


«Калаанын бир дагы мектебинен аскерге даярдык техникалары менен жабдылган классты көргөн эмесмин»,- деди район башчысы.


Маалым кат:


Рум Виктор Андреевич билим берүү тармагына 47 жылын арнаган, анын ичинен 36 жыл
№62 мектеп гимназиясында аскерге чейинки  даярдоо тармагын жетектеген. Ошону менен бирге Октябрь райондук комиссариатынын комиссарынын ага жардамчысы болуп эмгектенип келет.


№62 мектеп гимназиясынын окуучулары 160 ар түрдүү деӊгээлдеги мелдештерге катышып,  14 медаль менен сыйланышкан, анын ичинде эл аралык аскер мелдештери жана дайыма байгелүү орундарга ээ болууда. Виктор Румдун 260 окуучусу офицер наамын алышкан. Алардын көпчүлүгү Кыргыз армиясында кызмат кылып, өлкөнүн куралдуу күчтөрдү бекемдөөдө зор салымын кошууда.