ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясында ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлдү

Бишкек шаарынын мэриясында көп кабаттуу турак үйлөрүндө жалдоого берилген квартира ээлеринин салык салуу субъектери катары иш-аракеттерин тартипке келтирүү максатында атайы жумушчу топ түзүлүп, текшерүүлөр жүргүзүлө баштады.

Бишкек шаарынын Чыгыш-5 кичи районунун №19 көп кабаттуу турак үйдө квартиралар суткалык мейманкана катары берилип, тургундарга тынчтык берилбей жатканы маалымдалган. Аталган үйдүн тургундары менен Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри Замирбек Малабеков жолугуп, №19 үйдүн  8 квартирасына текшерүү жүргүздү.

Текшерүү учурунда  суткалык мейманканага берилген квартиралардын ээлери ордунда болгон эмес. Жашоочулар арыздангандарына карабастан, аларды коркутуулар да катталган. Азыркы учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

Калаанын айрым көп кабаттуу турак үйлөрү  батирге берүүдөн тышкары суткалык мейманкана, соода дүкөндөрү жана башка максатта колдонулуп келе жатат. Бирок, Кыргыз Республикасынын Турак-жай кодексинин 3-пунктунун 1-беренеси боюнча көп кабаттуу турак үйлөрдө мейманкана иштетүүгө тыйуу салынат.

Иш-чарага Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри Замирбек Малабеков,  Бишкек шаарынын ИИББнын кызматкерлери, аймактык тескөөчүлөр, ар бир райондук администрациялардын башчыларынын орун басарлары.