ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов Ынтымак, Чоӊ-Арык жана Орто-Сай конуштарынын тургундары менен жолукту

Ленин районуну №58 орто мектебинде Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов жана Бишкек шаарынын ИИББнын кызматкерлери Ынтымак, Чоӊ-Арык жана Орто-Сай конуштарынын тургундары менен жолугушту.

Жолугушууда аймактык тескөөчүлөрдүн калк менен иш алып баруусу, ошондой эле, конуш тургундарынын көйгөйлөрү, жолдорду оӊдоо, газ, тышкы жарыктандыруу, жолбун иттер, коомдук транспорт, жол белгилери  маселелери талкууланды.


Өзгөчө көйгөйлөрдүн бири түнкү унаа жарыш маселеси көтөрүлдү. Конуш тургундарынын айтуусунда эс алуу күндөрү жана түнкүсүн унаа жарыштар өткөрүлүп, тынчтык бербей жатканын айтышты. Бишкек шаарынын ИИБнын кызматкерлерине бул көйгөйдү чечип берүү тапшырмасы берилди.


Жолугушуу Бишкек шаарынын ИИББнын ыкчам иштер боюнча башчысынын орун басары  Белунскас Александр, Ленин райондук администрациясынын башчысы Аскар уулу Мирлан, Жергиликтүү өз алдынча башкармалыктар, мэриянын кызматкерлери жана конуш тургундары катышты.