ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Соода объектилери шаарды көрктөндүрүүдө эреже бузууда

Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясынын кезектеги рейддинде 5-кичирайону, №33 дарегинин жанында жайгашкан нан бышыруучу тандырдын ээлери санитардык нормаларды сактабай, шаарды көрктөндүрүүдө эреже бузгандыгы аныкталды.

Аталган аймак антисанитардык абалга жетип, айланасында таштандылар башаламан ташталган. Ошондой эле, тандырды орнотууда уруксат келишими түзүлгөн эмес.


Жыйынтыгында Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясы тарабынан М.Кутановдун атына кыргыз Республикасынын «Административдик жоопкерчилик жөнүндө» кодексинин №488 беренеси боюнча протокол түзүлүп, Октябрь райондук административдик комиссиясынын кароосуна жиберилди.