ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясы Япония элчилигинин колдоосу менен сумо күрөшү боюнча биринчи ачык чемпионатын өткөрдү

Бишкек шаардык дене тарбия жана спорт комитети Сумо Ассоциациясы жана Япония Элчилиги менен биргеликте сумо күрөшү боюнча биринчи Ачык Чемпионатын өткөрдү.

Салтанаттуу ачылышка Япония мамлекетинин Кыргызстандагы өкүлү Такаюки Коикэ, Бишкек шаардык Кеӊешинин төрагасы Марат Аманкулов, мэрия аппаратынын жетекчиси Нурдин Тынаев, Бишкек шаарынын дене тарбия жана спорт комитетинин төрагасы Шейшенкул Бакиров катышты.


Аталган Чемпионат Кабаа уулу Кожомкул атындагы Спорт Сарайынын концерттик залында өттү.


Ишчаранын максаты Кыргыз Республикасынын борбору жана башка аймактарына сумо күрөшүн жайылтуу, өлкөдөгү күчтүү сумо балбандарын табуу, ошондой эле сумо күрөшүн өнүктүрүп келе жаткан ар кандай клубдардын ортосунда достук жана спорт байланыштарын чыӊдоо болуп саналат.


«Сиздер менен бүгүнкү сумо  Чемпионатында көрүшүп жатканыма абдан кубанычтамын. Сумо- бул өзүнчө ажайып спорт түрү, ошондуктан шаардыктардын уникалдуу тарыхы жана философиясы менен өзгөчөлөнгөн бул спорттун түрүнө чоӊ кызыгуусун билдирип жатканы мени абдан кубантууда. Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов жана жалпы мэриянын атынан сумо күрөшү боюнча биринчи ачык чемпионаттын ачылышы менен куттуктайм жана спортчуларга ийгилик, жаркыраган жеӊиштерди каалайм!»- деди Бишкек шаарынын мэриясынын  аппарат жетекчиси Нурдин Тынаев.


Япониядан атайын чакырылган сумо чеберлери жана сумо балбандары Курадзоно Кадзуо, Курадзоно Махо, Миэда Котаро жана Сакаэ Екиге мэрия тарабынан эстеликке медалдар тапшырылып, япон сумо балбандары мастер-класс тартуулашты.

Аталган  ишчара жаш спортчулардын байгелүү орундары үчүн мелдеш менен жыйынтыкталды.


Чемпионатка салмагы 25кгдан жеӊил жана 60 кгдан жогору болгон 80ге жакын спортчулар жана  уландардын арасында бир нече кыздар катышты.


Биринчи Ачык Чемпионаттын жеӊүүчүлөрү медаль жана дипломдор менен сыйланышты.


Калыстар тобу,  медициналык тейлөө, зал ижарасы, 1-орун үчүн байге, медал жана дипломдорду даярдоо боюнча чыгымдарды Бишкек дене тарбия жана спорт комитети каржылады.