ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов «Кабар» маалымат агенттигинде журналисттердин суроолоруна жооп берди

 Кыргыз Улуттук «Кабар» маалымат агенттигинде Бишкек мэри Кубанычбек Кулматовдун катышуусунда «Ачык Өкмөт» саясатынын алкагында  пресс-конференция өткөрүлдү.

Конференцияда Бишкек шаарынын мэри  Кубанычбек Кулматов журналисттердин бардык суроолоруна жооп берди. Ошондой эле,  Бишкек шаарнынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн  жыйынтыктарына жана 2015 –жылга карата коюлган иштерге басым жасады.


2015- жылынын январь айынын аягында калаанын 2014 –жылдагы  социалдык-экономикалык өнүгүү боюнча жыл жыйынтыгы чыгарылганын калаа башчысы белгилеп өттү.


Журналисттерди кызыктырган суроолордун бири  жолдордун абалы тууралуу болду. Пресс-конференциянын жүрүшүндө Кубанычбек Кулматов, 2014 жылы жолдордун жалпы аянты 14,4 миң. чарчы метр 25,8 млн сом суммасына оңдолгонун билдирди.


Ошондой эле, мамлекеттик бюджеттин эсебинен Токтогул көчөсү,  Гоголь көчөсүнөн Исанов көчөсүнө чейинки жолдор жана К.  Акиев көчөсүнөн  Жаш Гвардия бульварына чейинки жолдордун баары оңдолгонун белгиледи.


Кытай өкмөтү  тарабынан берилген гранттын  эсебинен Бөкөнбаев жана Лев Толстой көчөлөрүн  ондоп түзөө иштери аяктады.


«Бүгүндөн  баштап Бишкек шаарынын мэриясы жолдорду курган курулуш компанияларынын докуменнтерди кабыл алуу процессин баштады. Кытай өкмөтү тарабынан 32 млн. доллар өлчөмүндөгү грант берилген. Аталган  грант эсебинен Бишкек шаарынын көпчүлүк көчөлөрүнүн жолдору оңдолуп түзөлөт. Азыркы учурда жеңчн  аныктоо үчүн конкурс журуп жатат»- деди калаа башчысы.


Биринчи этапта  М. Ганди, Ауэзова жана Ж.Пудовкина көчөлөрү оңдолуп түзөлөт. Жалпысынан 105 км  унаа жолдору же 55 жол кайрадан курулат.