ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

КАЛАА МЭРИЯСЫ ЖОЛ КЫЙМЫЛЫНЫН КООПСУЗДУГУ АЙЛЫГЫН УЛАНТУУДА

Калаа башчысы Кубанычбек Кулматовдун протоколдук тапшырмасынын алкагында  жол кыймылынын эрежелерин бузууларын аныктоо боюнча Бишкек шаарынын ИИББнүн ЖКК тарабынан жол кыймылынын коопсуздугу айлыгы өткөрүлүүдө.

2015-жылдын 12- февралдан 9-мартка чейин 16498 протокол түзүлүп, айып төлөөчү жайга 867 автоунаа коюлган, алардын ичинде: 757 бус жана 63 такси.


Өткөрүлгөн иш чаранын жыйынтыгында 13 жол тартибин бузуучу РИИБна жеткирилип, 11 кылмыш иши ачылган.


 Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын  Транспорт жана коммуникация министрлигине караштуу Автомобиль жана суу транспорту мамлекеттик агенствосунун шаардык башкармалыгы кичи автобустардын айдоочуларына 23 протокол жана 25 акт түзүп, 27миӊ 600сом өлчөмүндө административдик айып тартылган.

Шаардык  транспорт башкармалыгы тарабынан рейд жүргүзүлүп, жыйынтыгында 165 бузуу катталып айрым  маршруттук таксилердин айдоочуларына актылар түзүлгөн. Алар төмөнкү фирмалар:  «Акжолтой», «Ак-Жол», «Лига», «Куюн», «Мейкин», «Кара-Суу-Арго», «Кут-Консун», «Элек», «Академ-Транс-Сервис», «Ника-Плюс», «Байзак-Аска», «Дородой-Бис», «Бек-Тоо», «Спейсталс», «Галоп», «Восточный-Экспресс», «Юрам», «Батырхан-Мурагер», «Кулатай-Компани», «Стелс», «БАТП Лига», «Жазада-Транс», «Аргымак-Транс-КЖ», «Акниет-Транс», «Совет-Бригада», «БЭСТО», «Трансгрупп-Коммункейшн», «Ай-Эл-Транс».