Бишкек шаарынын мэриясы бардык айымдарды 8-март майрамы менен куттуктады
- Подробности
- Опубликовано 06.03.2015 16:42
Т.Сатылганов атындагы Улуттук Филармонияда Аялдардын эл аралык күнүнө арналган салтанатту иш-чара өткөрүлдү.
Иш-чарага өлкөнүн биринчи айымы Раиса Атамбаева, Кыргыз Республикасынын президентинин аппарат жетекчиси Данияр Нарымбаев, Жогорку кеңештин төрагасынын орун басары Асия Сасыкбаева, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев, жогорку соттун төрайымы Фкруза Жумашева, Билим берүү министри Эльвира Сариева жана Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов катышты.
Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов бардык айымдарды 8-март майрамы менен куттуктады.
“”Аялзаты – жер жүзүндөгү жашоонун негизи. Бул майрамдын дагы бир өзгөчөлүгү- жаз айынын башталышына туура келиши, анткени, табигаттын өзү да аялзатындай болуп, назиктикке, сулуулукка ээ”,- куттуктады калаа башчысы.
Майрамдык иш-чарага баатыр-энелер, эмгек сиңирген коомдук ишмерлер жана Бишкек шаарынын бардык райондорунун айымдары чакырылды.
Иш-чарада айымдар үчүн театр артистеринин, эстрада жылдыздарынын, калаанын балдар жана бийчилер жамаатынын катышуусунда майрамдык концерт тартууланды. Иш-чаранын коноктору үчүн эстеликке белектер тапшырылды.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
09.12.2023 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |