ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

“Кыргызтест” системасын тааныштыруу жана тесттерди сыноодон өткөрүү семинары өткөрүлдү

Бишкекте Билим берүү жана илим министрлигинин жыйын залында Бишкек шаарынын  мэриясына караштуу Мамлекеттик  тилди өнүктүрүү бөлүмү Улуттук тестирлөө борбору менен биргеликте “Кыргызтест” системасын Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрүнүн муниципалдык кызматчыларына тааныштыруу жана тесттерди сыноодон өткөрүү” аттуу семинар өткөрүлдү.

Аталган семинарга Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрүнүн мамлекеттик тил боюнча адистери, котормочулары жана жооптуу адистери катышты.