ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундары менен жолугууну улантууда

Калаанын №62 орто мектебинде шаардык мэрия  Октябрь районунун кичирайондорунун тургундары менен жолукту.

Жолугушууга 7,8,9,10 кичирайондорунун тургундары катышты.


Бишкек шаарынын ИИББнын аймактык тескөөчүлөрүнүн  калк менен иш алып баруусу жана шаар тургундарынын жарыктандыруу, жолдорду оңдоо, коомдук транспорт   көйгөйлөрү талкууланды.


Жолугушуунун жыйынтыгында шаар тургундары аймактык тескөөчүлөргө ак кызматы үчүн, ал эми шаар бийлигинин мындай жолугушууларды уюштургандыгы үчүн ыраазычылык билдиришти.


Аталган жолугушууга Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри Замирбек Малабеков, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Алмаз Кененбаев, ИИББнын башчысы Кашкар Жунушалиев, Октябрь райондук администрациясынын башчысы Болот Алымкулов, Октябрь РИИбнын башчысы Мадияр Кулуев жана аталган райондун тургундары катышты.