ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы журналистердин суроолоруна жооп берди

Бишкек шаарынын мэриясынын Коомчулук менен байланыш башкармалыгынын имаратында Муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы Айбек Омуралиев, аталган башкармалыктын бухгалтери Нургул Акимова,  ММБнын биринчи орун басары Аскар Исаков жана Елена Рауштун катышуусунда брифинг өткөрүлдү.

Бринфингдин катышуучулары журналистердин ар түрдүү суроолоруна жооп беришти.


Суроолор Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгынын 2014-жылдагы аткарган иштерине басым жасалып, билим берүүдө жасалма документтер тууралуу да белгиленип өттү.


«Мен №5 мектеп-гимназиясын кумуш медалы менен аяктап, Н.Э Бауман атындагы Москва Улуттук Техникалык университетинде окугам жана Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетин окуп бүтүргөм»- деди Муниципалдык менчик башкармалыгынын жетекчичи Айбек Омуралиев. Азыркы учурда ал Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу Академиясында магистратураны бүтүрүүдө. Мындан тышкары, өткөн жылы Юридикалык Академияда билим ала баштаганы белгилүү.