ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Мэриянын кызматкерлери Тоголок Молдо сейил багына ишембиликке чыгышты

Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов жана мэриянын кызматкерлери шаардык санитардык тазалоо үч айлыгынын алкагындагы биринчи ишембиликке чыгышты.

Бишкек шаарынын мэриясынын аппаратынын кызматкерлери Москва жана Коенкөзов көчөлөрүнүн кесилишиндеги Тоголок Молдо сейил багын тазалашып, жыйынтыгында 7 унаа кураган жалбырактар бутактар тазаланды. Ишембиликке калаа мэриясынын 50 дөн ашуун кызматкери катышты.


Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов ишембиликтин жүрүшүндө аталган иш-чаралардын маанилүүлүгүн белгиледи.


“Кыштан кийин баарыбыз коммуналдык кызматтар жана шаар тургундары менен биргеликте шаарды ирээтке келтиришибиз керек. Ишембилик – адамдарды бириктирген эски салт. Ага жеке катышуу менен шаар тургундарынын түшүнүгүн жогорулатууга болот”,-деп белгиледи калаа башчысы.


Аталган ишембиликке райондук администрациялардын, Жергиликтүү аймактык башкармалыктардын, мэриянын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлери, активдүү шаардыктар жана студенттер чыгышты.
 Жалпысынан ишембиликке 94 уюмдун жана мекемелердин 3 миңден ашуун кызматкерлери катышты.


Мэрия мындай иш-чаралар шаардыктар тарабынан колдоого алынып жана жалпы аракеттер менен жакынкы убакта шаар чындап жазгы көрүнүшкө ээ болоруна үмүт кылат.