ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов шаар тургундары менен жолугууну улантууда

Свердлов районунун №66 окуу-тарбиялык комплексинде калаа башчысы  Кубанычбек Кулматов жана Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын кызматкерлери Чыгыш-5 жана Чыгыш-6 кичирайонунун тургундары менен жолукту.

Жолугушууда аймактык тескөөчүлөрдүн калк мене иш алып баруусу жана шаар тургундарынын курч көйгөйлөрү, ошондой эле, жарыктандыруу, жолдорду оӊдоо, коомдук транспорт маселелери талкууланды.
Аталган жолугушууга Бишкек шаарынын ИИББнын башчысы Кашкар Жунушалиев, Свердлов райондук администрациясынын башчысы Алтынай Омурбекова, ИИББнын кызматкерлери, мэриянын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн башчылары жана шаар тургундары катышты.