ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарын Библионяня менен тааныштырат

Бишкек шаарынын мэриясынын демилгеси менен калаада экинчи “Библионяня” ачылыды. Аталган кызмат Бейшеналиева көчөсү, №31 дарегинде жайгашкан  Ж.Турусбеков атындагы №2 китепкананын имаратына иштөөдө.

“Библионяня” кызматтын башкы максаты бөбөктөрдү китеп дүйнөсүнө аралаштыруу жана кызыктыруу болуп эсептелет. Мындан тышкары, балдарын алып келүү менен ата-энелерде жеке иштерин бүтүрүп алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.


“Китеп окуу менен балдардын аң сезими өсөт, дүйнө таанымы кеңейет, китепке балдарды кичине кезинен үйрөтүү абзел”,-деп белгиледи Бишкек шаарынын мэриясынын Социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн адиси Жамиля Абирова. Ошондой эле, алдыда калаанын башка китепканаларында ушундай кызматтар ачыларын кошумчалады.


Китепкана кызматкерлери балдарды ойнотуу менен аларга сүрөт тартууну, китеп окууну үйрөтөт жана мультфильм көрүп, талкуулашат. Мектеп окуучулары үй тапшырмаларын аткарып, билим берүүчү тасмаларды көрүп, китепкана фонддору менен тааныша алышат.


“Библионянянын” салтанаттуу ачылышына Бишкек шаарынын мэриясынын Социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Жамиля Абирова, Мадамният башкармалыгынын башкы адиси Жантөрө Суранов, Бишкек шаардык борборлоштурулган китепкана тармагынын башчысынын орун басары Токтокан Сыдыкова, шаардык кмтепканалардын жетекчилери, ошондой эле,  балдар жана алардын ата-энелери.


Эскерте кетсек, Бишкекте “Библионяня” кызматы биринчи жолу 2015-жылдын январында Чокморов көчөсү, №246 дарегинде жайгашкан Борборлоштурулган китепкана тармагында ачылган.