ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматовдун буйругу менен жол кыймылынын коопсуздук айлыгы өткүлүүдө

Калаа башчысы Кубанычбек Кулматов Бишкек шаарынын Ички иштер башкармалыгынын Жол кайгуул кызматынын жол кыймылынын коопсуздугу боюнча өткөрүлгөн айлыктын алкагында 8471 жол кыймылынын эрежесин бузуу катталып, протокол түзүлгөн. Айыпттык унаа токтотуучу жайга 477 унаа токтотулган, анын ичинен: 43 кичиавтобус жана 21 такси.

Өткөрүлгөн иш-чаранын жыйынтыгында 10 жол эрежесин бузуучу калаанын РИИБ жеткирилип, ошондой эле, 7 кылмыш ишинин бети ачылган.
Ошондой эле,  Кыргыз Республикасынын  Транспорт жана коммуникация Министрлигине караштуу мамлекеттик автомобиль жана суу транспорт агенттигинин Бишкек шаардык башкармалыгына аталганкоопсуз айлыгында  кичиавтобус айдоочуларына тийиштуу 17 протокол түзүлүп, 17 миӊ сом өлчөмүндөгү административдик айып салынган.
Ал эми шаардык транспорт башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн рейддин жыйынтыгында 44 жол кыймыл эрежесин бузуу катталып, «Акжолтой», «Лига», «Куюн», «Мейкин», «Кара-Суу-Арго», «Кут-Консун», «Элек», «Академ-Транс-Сервис», «Ника-Плюс», «Байзак-Аска», «Дородой-Бис», «Бек-Тоо», «Спейсталс», «Галоп», «Восточный-Экспресс», «Юрам», «Батырхан-Мурагер» маршруттук каттам фирмаларынын айдоочуларына актылар түзүлдү.