Бишкекте айрым кафелер санитардык нормаларды бузууда
- Подробности
- Опубликовано 27.02.2015 10:33
Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясынын кезектеги рейдинде Биринчи май районунун санитардык абалы текшерилди. Киев-Орозбекова көчөсү, Илбирс имаратында жайгашкан «Умар» дүкөнү, «Арабия» жана «Байсуу» кафелеринин жумушчулары санитардык нормаларды бузгандыгы аныкталды.
Аталган кафе кызматкерлери айланасына таштандыларды баштыктарга чогултуп, Киев көчөсүнүн аялдамасынын арыгына башаламан таштаган.
Жыйынтыгында «Умар» дүкөнү, «Арабия» жана «Байсуу» кафелеринин жетекчилеринин атына Кыргыз Республикасынын «Административдик жоопкерчилик жөнүндө» кодексинин №489 беренеси боюнча протокол түзүлүп, Биринчи май райондук административдик комиссиясынын кароосуна жиберилди.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
29.04.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |