ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Ала-Арча капчыгайында альпинизм боюнча шаардык ачык чемпионат өткөрүлөт

Бишкек шаардык дене тарбия жана спорт комитети Альпинизм Федерациясы менен биргеликте 2015-жылдын 1-мартынан 15-мартка чейин альпинизм боюнча Ачык чемпионат өткөрөт.

Чемпионат Ала-Арча капчыгайындагы Ак-Сай музтөрүнүн айланасында өтөт.


Мелдештин максаты Бишкек шаарында альпинизмди кеӊири жайылтуу, спорттук чеберчиликти жогорулатуу, калаанын жана республиканын мыкты деген альпинисттерин чыгаруу.


Аталган чемпионатка спорт клубдардын спортчулары, дене тарбия жамааттары, Республиканын, Бишкек шаарынын коммерциялык уюмдары, ошондой эле Россия, Казакстан жана Өзбекстан мамлекеттеринин командалары катышат.

Мелдештин жеӊүүчүлөрүн басып өткөн каттамдары үчүн топтогон упайларынын жалпы эсеби менен калыстар тобу аныктайт. Жеӊүүчүлөр  Бишкек шаардык дене тарбия жана спорт комитети диплом жана медалдар менен сыйланат.