ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкектин мейманканалары шаарды көрктөндүрүүдө эреже бузууда

Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясынын кызматкерлери кезектеги рейдинде Жумабек-Үсөнбаев көчөсүндө жайгашкан “Ак-Сай” мейманканасынын аймагы антисанитардык абалга жетип, санитардык нормалар сакталбай, шаарды көрктөндүрүүдө эреже бузуу фактысын аныкташты.

Жыйынтыгында Бишкек шаарынын мэриясынын СЭИ кызматкерлери мейманкананын директору Б.Токтоназаровдун атына Кыргыз Республикасынын “Административдик жоопкерчилик жөнүндө” кодексинин №488 беренеси боюнча протокол түзүлүп, Свердлов райондук административдик комиссиясынын кароосуна жиберилди.