ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Жеке бала бакча курулуш таштыларын башаламан таштоодо

Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясынын кезектеги рейдинде Биринчи май районунун санитардык абалы текшерилди. Панфилов көчөсү, №201 дарегинде жайгашкан “От А до Я” жеке бала бакчасы тарабынан таштандылар чыгарылып, бала бакчанын түндүк-батыш тарабынан көк майсанга курулуш таштандылары ташталган фактысы аныкталган.

Жыйынтыгында аталган бала бакчанын жетекчисинин атына Кыргыз Республикасынын “Административдик жоопкерчилик жөнүндө” кодексинин №489 беренеси боюнча протокол түзүлүп, Биринчи май райондук административдик комисиясынын кароосуна жиберилди.