ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясы соода түйүндөрүн тазалыкка чакырат

Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясынын кызматкерлери кезектеги рейдинде Анкара көчөсү, №58 дарегинде жайгашкан “Супер Арзан” дүкөнүнүн ижарачылары санитардык нормаларды сактабай, шаарды көрктөндүрүүдө эрежелерди бузуу фактысын аныктады.

Белгиленгендей, дүкөндун түштүк-батыш тарабы антисанитардык абалга жетип, курулуш таштандылары башаламан ташталган.


Жыйынтыгында Бишкек шаарынын мэриясынын СЭИ кызматкерлери А.Айтматованын атына Кыргыз Республикасынын “Административдик жоопкерчилик жөнүндө” кодексинин №488 беренеси боюнча протокол түзүлүп, Октябрь райондук админстративдик комиссиясынын кароосуна жиберилди.