ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Жарнама департаменти “Мамлекеттик тил жөнүндө” жана “Жарнама жөнүндө” мыйзамын сактоону эскертет

Кыргыз Республикасынын президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясы жана Бишкек шаарынын мэриясынын Жарнама департаменти жарнама берүүчүлөргө, жарнама даярдоочуларга жана жарнама жайгаштыруучуларга Бишкек шаарынын аймагындагы тышкы жарнамага жана  башка көрүнүктүү маалыматтарга “Мамлекеттик тил жөнүндө” жана “Жарнама жөнүндө” мыйзамын сактоо зарылдыгы жөнүндө маалымдайт.

Уруксат документтерисиз жайгаштырылган жана жогоруда белгиленген тиешелүү нормативдик-укуктук актылары жок тышкы жарнамалар Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык айып пул салуу санкциясы менен алынып салынат.