ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Курулуш компаниялар кайрадан шаарды таштандыга толтурууда

Бишкек шаарынын Санитардык-экологиялык инспекциясынын кезектеги рейдинде Ленин районунун санитардык абалы текшерилди. Жал кичирайону №6 дарегинде жайгашкан “Прожект” ЖЧКсы антисанитардык абалга жетип, курулуш таштандылары башаламан ташталып, шаарды көрктөндүрүүдө эрежелер бузулган.

Жыйынтыгында Бишкек шаарынын мэриясынын СЭИ кызматкерлери “Прожект” ЖЧКнын директорунун орун басары Б.Мукашевдин атына Кыргыз Республикасынын “Административдик жоопкерчилик жөнүндө” кодексинин №489 беренеси боюнча протокол түзүлүп, Ленин райондук административдик комиссиясынын кароосуна жиберилди.