ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте жеңиш ырлары ырдалды

Бишкек шаарынын №69 окуу-тарбиялык комплексинин базасында “Жоокер ыры” согуштук - патриоттук шаардык конкурсунун жеңүүчүлөрүнө сыйлык берүү аземи өткөрүлдү. Аталган конкурс Улуу Ата Мекендик согуштун 70 жылдык жеңишине арналып, “Патриоттук ырлар” жана “Согуш жылдарындагы ырлар” номинациясында өткөрүлду.

Конкурска калаанын 50 мектептеринин ичинен окуучулар катышты.


“Азыркы учурда балдар Улуу Ата Мекендик согуш жөнүндө, баатырлар, эрдик,  элибиздин каармандыгы тууралуу көп билишпейт. Биз мугалимдер тынчтыкты сактап, баалай билиш үчүн, Улуу Жеңишке кандай баа  менен жетишкендигибиз, согуш жылдарындагы тарыхты балдарга айтып, кийинки муундарга жеткиришибиз керек”,-деп белгиледи Билим берүү башкармалыгы.


Конкурстун башкы максаты жарандык – патриоттук жана көркөм-эстетикалык тарбияны жакшыруу болуп эсептелет.