ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Биринчи май районунда балдарга карата зордук-зомбулукту жоюу боюнча жыйын өткөрүлдү

Бишкек шаарынын Биринчи май районунун жыйын залында Биричи май райондук администрациясынын башчысы Аскербек Алиев жана Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Эрик Куйкеевдин жетекчилигинде балдарга карата зордук-зомбулукту жоюу жана өспүрүмдөрдүн укуктарынын бузулушун алдын-алуу боючна  райондук штабдын жыйыны өткөрүлдү.

Жыйынга Жергиликтүү аймактык башкармалыктар, ИИБ, Биринчи май районунун Жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекторлору, райондун жалпы билим берүү мектептеринин директорлору,  мектепке чейинки мекемелердин жетекчилери, Кароосуз калган балдарды калыбына келтирүү борборунун директору катышты.


Жыйындын жыйынтыгында райондун мектепке чейинки жана жалпы билим берүү мекемелеринин жетекчилери  ЖАБ, ИИБ менен биргеликте кордук көргөн балдарды каттоого алуу,  ошондой эле, ЖАБтар мала башчылары, үй башчылары менен иш алып баруу тапшырмасы берилди.