ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Шаардык спортчулар Казакстан Республикасынын кышкы чемпионатына катышты

Бишкек шаарынын мэриясынын Бишкек шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин билдирүүсү боюнча, Казакстан Республикасынын Усть-Каменогорск шаарында өтүлгөн кышкы чемпионатына Жуманазаров атындагы СДЮШОРдон 10 спортчу жана 2 тренер катышты.

Жыйынтыгында 60 метр чуркоо боюнча Бектур Чокоев 7,18 секунд жыйынтыгы менен спорт чеберинин кандидатынын нормасын аткарды. Ошондой эле, спорт чеберинин кандидатынын нормаларын спортчу Карина Абдрахманова 200 метр чуркоодо 26,06 секунд жыйынтык жана Азис Суюнбаев 3000 метр чуркоодо 9.26,98 секунд жыйытыгында нормаларды аткарды.


Экинчи орунга  60 метр чуркоодо 7,98 секунд жыйынтыгы менен Карина Абдрахманова, 400 жана 800 метр чуркоодо 58,71 жана 2.18,66 секунд жыйынтыгы менен Арина Клешукова, ал эми, үчүнчү орунга 200 метр чуркоодо 23,41 секунд жыйынтыгы менен жеңишке ээ болушту.