Бишкек шаарынын мэриясы мыйзамсыз курулуштарды бузууда
- Подробности
- Опубликовано 24.02.2015 13:09
Бишкек шаарынын мэриясынын жеке турак-жай куруу департаменти Елецкий көчөсү, №44 дарегин текшерүүдө тиешелүү уруксат документерисиз, муниципалдык жердин эсебинен жер тилкесин кеңейтип алуу фактысын аныктады.
Аталган факт боюнча жогоруда белгиленген даректин ээси Ж.Сопуевге департамент тарабынан 05.08.2014-жылдын №00074 “Алып салуу жөнүндө” эскертүүсү берилип, 29.08.2014-жылдын №126/14 РО протокол түзүлгөн.
Октябрь райондук сотунун №АП-1979/14 20-октябрь 2014-жылдын токтомуна ылайык Сопуев Жаныбек Атокурович административдик укук бузгандыгы үчүн 10 миң сом өлчөмдөгү айып салынып, мыйзамсыз курулган дубал бузулду.
Соттун токтомун аткарууда 2015-жылдын 17-февралында мыйзамсыз курулуш алынып салынды.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
27.03.2023 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |