ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясынын Биринчи май райондук администрациясы Мекенди коргоо күнүнө арналган иш-чара өткөрдү

Биринчи май районунун жыйын залында Мекенди коргоо күнүнө арналган Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин катышуусунда райондук  иш-чара өткөрүлдү.

Чакырылгандарга Биринчи май райондук администрациясынын башчысы Аскербек Алиевдин атынан материалдык жардамдар көрсөтүлдү. Аталган иш-чарага райондук бюджеттен 226 100 сом каражат бөлүндү.


Белгиленгендей, райондук администрация үстүбүздөгү жылы Ооган согушунун катышуучуларына 300 миң сом жардам көрсөтүлгөн.


Согуштан курман болгондордун үйбүлөлөрүнө, ардагерлерге жана согуштан майып болгондорго Биринчи май райондук администрациясы социалдык-тиричилик жана медициналык кызматтарды көрсөтүп келет.


БИШКЕК ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫНЫН БАСМА-СӨЗ КЫЗМАТЫ