Жаштар балдарга карата ырайымсыз мамиле жана зордук-зомбулукка каршы
- Подробности
- Опубликовано 20.02.2015 10:28
Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин Бишкек шаардык башкармалыгы №98 кесиптик лицейинин окуучулары менен биргеликте “Көк лента” акциясын өткөрдү.
Акция коомду балдарга карата ырайымыз мамиле жана зордук-зомбулук көйгөйүнө көңүл бурдуруу максатында өткөрүлдү.
Бардык катышуучулардын колдоруна ачык асманды жана эркиндикти чагылдырган көк ленталарды алган.
“Уруп согуу менен балдарды тарбиялай албарыбыздын ар бир адам түшүнүүсү абзел. Мындай иш-чараларды уюштуруу менен ар бир адамга маалыматтын жетишин каалайбыз. Бүгүн биз балдардын жылмайуусун кайтарып бергибиз келет”,-деп белгиледи акциянын катышуучусу.
Аталган акция Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз мамлекеттик филармониянын алдында өткөрүлдү.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
18.04.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |